«Элдик топко» кирген Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн таштанды таштоочу жайга барды. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Таштанды талаасынын акыбалы ушундай, каркылдаган каргалар, аларга аралашкан жарандар. Өзүңөр билесиңер 2013-жылы бул жакка таштанды иштетүү үчүн 22 миллион евро бөлүнгөн. Бирок ушул күнгө чейин акчанын дайыны жок»,- деди ал.