
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 50дөй жүк ташыган машине кезекте турганын билдирди.
Маалыматка караганда, саат 12:00гө карата 1-апрелде чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү пунктунда унаалардын тыгыны байкалган. Чек ара көзөмөлүнө 50дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат.
Көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуунун көбөйүшүнө байланыштуу.
Чек ара кызматы жүк ташыган машинелер Казакстанга «Кең-Булуң» өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.