Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. «Ош» Эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

6246a31f7198d thumb 768x511 1 Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди

Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ош» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

MyCollages 80 800x450 1 Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди

Бүгүн эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле КР президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Баткен облусунун Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеоконференц байланыш режиминде катышат.