
Кара-Буура РИИБнин кызматкерлери айылдарда көчөмө-көчө милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырышууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин 54- жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Базарда жана массалык эл чогулган жерлерде ысырапкорлукка жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Кызыл-Адыр, Молотов, Чолпонбай айылдарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө керектиги айтылып, алардын кайрылуу билдирүүлөрүн кабыл алышууда.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы