
«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы бүгүн жабык жыйын өткөрүп, фракциянын жаңы лидери болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Бул тууралуу маалыматты аталган фракциядан кабарлашты.
Белгилей кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мурунку лидери Бакыт Торобаев кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Нурлан Шакиев 1977-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынан башкаруу адистигин аяктаган.