Акылбек Жапаров: “Ислам мамлекеттеринде дагы казино бар”

29-мартта, “Ынтымак” гүлбагында бак тигүү жөрөлгөсүнө министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жапаров казино боюнча пикирин билдирди.

“Кыргызстандын бир дагы жараны казинодо ойнобойт. Эгер кайсы бир компания кыргызстандык жаранды киргизе турган болсо. ал дароо жабылат. Мен 2013-жылы Малайзияга барып келгем. Ал жакта казиного туристтер эле барат”, – деди Акылбек Жапаров.

“Сиздер туризмди өнүктөргүлө деп жатпайсыздарбы, бул кадам менен биз туризмди жандандыруу аракетиндебиз деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, 2001-жылы бюджетке 630 млн сом казино тармагынан эле келип түшкөн.

“Биздин баамыбызда туризмден мындан да эки эсе көп пайда алып келинет”, – деп эсептейт кабминдин төрагасы. Бул Кыргызстанга он күнгө эс алганы келип, ар кандай жаман иштерге, шайтанга азгырылганча ушундай бизге пайда алып келүүчү казинолор болмокчу.

Акылбек Жапаров Исламда казино боюнча пикирин да кошумчалады: “Биз Исламга каршы эмеспиз, болгону биздин балдарыбызга жана жарандарыбызга каршы чектөө койдук. Мусулман мамлекеттеринде деле казинолор иштейт”.