Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору дайындалды

Улукбек Кармышаков Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин Карымшаков Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулган, жана анын ордуна Аалиев Азиз Кубанычбекович 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.