
29-мартта Өзбекстанда өтүп жаткан «Navruz Cup- 2022» эл аралык турниринин алкагында Кыргызстандын футболчулары Тажикстан менен беттешет.
Маалыматка ылайык, турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын командалары 14 жолу беттешкен. Кыргызстанда 3 жеңиш болсо, Тажикстанда 8 жеңиш бар.