Чүй облусунда уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн
кызматкерлери менен Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери
биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй
облусунун аймагында мурда бир нече жолу соттолгон 62-жаштагы Х.С.
кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо)
каралган кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн
материалдарына негизинде издөөгө жарыяланган.

Кармалган адам убактылуу
кармоочу жайга киргизилди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы