
Украинада каза болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди.
26 жаштагы маркумдун сөөгү ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылды. Зарифулинди акыркы сапарга узатууга жакындары, колу-коңшулары жана Орусиянын Канттагы аскер базасында кызмат өтөгөн жоокерлер катышкан.
Ал Кара-Балтада туулуп-өсүп, 18 жашында Орусия жарандыгын алган. Сегиз жыл мурда орус армиясынын катарына кошулган.
Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев окко учкан. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылына коюлган.