
Бүгүн, 27-мартта Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда «Банк Азии-ФинОлимп 2022» жалпы республикалык олимпиадасынын финалы болуп өттү. Жаңы форматтагы жалпы республикалык олимпиада студенттер жана жаш профессионалдар арасында финансы, экономика жана IT тармактары боюнча өткөрүлдү.

Финалдык жарышка 9 команда катышып, финалисттер 48 сааттын ичинде компаниялар тарабынан коюлган тапшырмаларды иштеп чыгышып, даяр болгон продуктуну жана чечимдерди калыстар тобуна презентациялашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сертификаттар менен сыйланышты: 1-орун – “Өзбек суму” командасы (85 000 сом);2-орун – “USD Coin” командасы (42 500 сом);3-орун – “АКШ доллары” командасы (25 500 сом). Жалпы республикалык олимпиада ProKG профессионалдар клубу, “Билим берүү демилгелери фонду” коомдук фонду жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулду.