
Украиндагы атайын аскердик операция учурунда дагы бир Кыргызстанда туулган жигит — 26 жаштагы Рустам Зарифулин көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-мартка караган түнү анын сөөгү Канттагы авиабазага жеткирилген.
Рустам Зарифулин 1996-жылы 26-мартта төрөлгөн. Маркум Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган өлкөнүн армиясында келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Ал 14-мартта Украинанын Харьков облусундагы Изюм шаарындагы аскердик операция учурунда көз жумган. Бүгүн ал 26 жашка чыкмак. Маркум эртен 27-мартта жерге берилет.