
Даниэль Ажиев жарыялаган СИЗО-1 тергөө абагындагы жарыяланган видео жана сүрөттөр мурдагы мындан эки жыл мурунку сүрөттөр.
Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сүрөт менен видеолор 2020-жылы Ажиев СИЗО-1де отурган кезде тартылган.
«Ажиев СИЗО-1де аз гана убакыт отуруп, Кызыл-Жардагы ооруканага которулган. Ал ички режимди бузганы үчүн тиешелүү жазасын алган», — деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, бүгүн Даниел Ажиев СИЗО-1де түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялады. Бир кишилик камеранын ичинде сыналгы менен муздаткычы бар экенин көрсөткөн.
Ажиев 2020-жылдын март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ошондон кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.