ИИМде АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

WhatsApp Image 2022 03 25 at 12.55.21 1 ИИМде АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

2022-жылдын 24-мартта ИИМдин имаратында Ички иштер министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин коопсуздук боюнча аймактык кеңешчиси Эрик Олеруд, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) Борбордук Азиядагы өкүлү Блейк Вирт мырза жана Баңгизаттарга каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндөгү эл аралык программанын башчысы Чарльз Хардвей мырза менен жолугушту.
Андан сырткары, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин укук коргоо органдары менен байланыш боюнча улук координатору Султан Абдиев катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстанда кылмыштарды иликтөө, АКШнын Федеральдык тергөө бюросу жана Мамлекеттик департаментинин Кыргыз Республикасынын ИИМ ортосундагы Өз ара түшүнүү мемарандумунун долбоорун талкулоо менен укук коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер сүйлөшүлдү.
Нурбек Жангабылов өз сөзүндө, “АКШнын Федералдык Тергөө Бюросунун кылмыштуулук менен күрөшүүдө эбегейсиз потенциалы бар жана Сиздердин тажрыйбаңыздарды үйрөнүү биз үчүн абдан маанилүү. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге байланыштуу, мен өз ара пайдалуу кызматташуунун оң динамикасын белгилегим келет” – деп белгиледи.

WhatsApp Image 2022 03 25 at 12.55.21 ИИМде АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү менен жолугушуу болуп өттү


Жолугушуунун соңунда тараптар достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдиришти.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы