Чүй облусунун аймагында жайгашкан автомектептерде окуган курсанттарга Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери болочок айдоочуларды сапаттуу даярдоо боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте автомектептердеги окуп жатышкан курсанттарга кошумча сабактарды өтүшүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери К.Султаналиев, автомектептерде окуп жатышкан болочок айдоочуларга “Адам өмүрү баардыгынан кымбат” экендигин баса белгиледи. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө, так аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек экендигин эскертти.
2022-жылдын 2 ай 24 күн ичинде айдоочулардын күнөөсүндө 262 жол-транспорт кырсыгы катталып 30 адам каза болду, ал эми 440 адам ар кандай оор жаракаттарды алышканын баса белгиледи.
Окууну ийгиликтүү аяктап айдоочулук күбөлүктү алып “Айдоочу” кесипке ээ болгон күндөн тартып, жол эрежелеринин талаптарын так сактоо айдоочунун милдети жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун алдынкы орунда экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Автомектептерде сабактардын өтүшү, сататтуу айдоочуларды даярдоо багытына терең көңүл бурулаарын эскерттилди.
КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы