Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, сот “Майда бейбаштык” беренеси боюнча актап, ал эми “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө” боюнча 3 миң сом айып салды.
17-мартта Бишкектеги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында нааразычылык акциясы өткөн.
Нааразычылык акциясына эки адам, тагыраагы “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров чыккан. Алар колуна Украинанын желегин кармап, согушка каршы экенин билдиришти. Аларга “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө” жана “Майда бейбаштык” беренеси боюнча айып коюлган. Андан соң митингге чыкканы үчүн милиция кармап кеткен укук коргоочулардын соту жылдырылган.