Boeing 737 учагында кыргыз жарандары болгон эмес

Кытайда 133 жүргүнчүсү менен кулаган Boeing 737 учагында кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Кытайдын China Eastern Airlines компаниясына таандык учак аталган өлкөнүн Гуанси-Чжуан автономдуу районундагы Учжоу шаардык округундагы Тэн уэздинде кырсыкка кабылган.

Бортто 133 киши болуп, алардын 9у экипаж мүчөлөрү экени айтылган. Алдын ала маалымат боюнча, учак Куньмин шаарынан Гуанчжоуго бара жаткан.

Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. ЖМКлардын маалыматына караганда, учак кулаган жерде токой өрттөнө баштаган.