Украина орус аскерлеринин чыгашалары тууралуу маалымат берди: 112 тик учма жок кылынган

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бүгүн, 18-мартка, карата орус аскерлеринин чыгашалары боюнча маалыматты жаңылады. 24-февралдан 18-мартка чейин орус армиясынын жалпы согуштук жоготуулары:

– өздүк курам —14 200ден ашык адам,

– танктар — 450,

– чопкутталган  согуш машинелери — 1448,

– артиллериялык системалар — 205,

– жапырт аткылоочу реактивдүү системалар — 72,

– абадан коргонуу системалары — 43,

– учактар — 93,

– тик учмалар — 112,

– унаа каражаттары — 879,

– кайыктар/катерлер — 3,

– күйүүчү май бактары — 60,

– оперативдүү-тактикалык деңгээлдеги учкучсуз учуучу аппараттар — 12,

– атайын техника — 11.