Нооруз майрамына карата Нарын ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат


Бүгүн, 18-март күнү Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабековдун катышуусу менен алдыда боло турган Нооруз майрамына карата саптык кароо өткөрүлдү.
Саптык кароого Нарын ОИИБнын өздүк курамы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Нарын облусундагы атайын операциялык отряды, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү жана Нарын шаардык күзөт бөлүмү үчүн саптык кароо өткөрүлүп, өздүк курамдын даярдыгы, күнүмдүк кийип жүрүүчү формалары текшерилип, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков 21-март күнү Нооруз майрамына даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мыйзам бузууга жол бербөө милиция кызматкерлеринин милдети экендигин баса белгилеп өттү.


Ошондой эле, ИИМ тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, мыйзам бузууга жол бербөө жана андай фактыларга жол берилсе ыкчам иш-аракеттерди мыйзам талаасында иштерди күчөтүлгөн тартипте алып баруу милдеттерин койду.
Белгилей кетсек, майрам күнү облус аймагында жалпы 500гө чукул милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Мындан тышкары майрам күнү мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн тергөө тобунун 70 кызматкери тартылууда.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 09.42.15 1 Нооруз майрамына карата Нарын ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы