Бишкектеги №89 мектептин жумушка орношо албай калган ата-энеси: “Балдарга чочконун этинен жасалган колбаса берилет”

Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги №89 мектептин ата-энелери мектептин жетекчилигине каршы чыгып, митингге чыгышты.

Алар Бишкек мэриясына барып, мектептеги болгон жагдайды айтып беришти.

Маалым болгондой, мектептин ашпозчу кызматына ушул эле мектепте окуган үч баласы бар Бекдайыр кызы Изада жумушка орношоюн деп барган, бирок аны тилекке каршы, жумушка орноштурушкан эмес.

“Мага мектепте 450 балага тамак жасоо керектигимди айтышты. Мен дароо эле даярданып ботко жасамакмын, бирок эмнегедир мага сүт кымбаттап кеткенине байланыштуу директор кырк литрге үч-төрт эле литр сүт кошушум керектигин айтты. Андан кийин биз Аламединдеги “Чынар” базарына бардык, ал жактан чочконун этинен жасалган колбаса, маргарин, гречка, буурчак, нан алдык, ал эми мугалимдерге окорочканы алдык. Окорочканы маринаддап, мугалимдерге өзүнчө тамак жасалат экен, андан улам мен ар бир балага мамлекеттен канча сом бөлүнөт деп сураганымда он төрт сом күнүнө бөлүнөт дегенинен мен калькуляторго салып эсептедим”,- деди.

Ашпозчу баарын видеого тартып алганын кошумчалады.

Ошондой эле, Бекдайыр кызы Изада аталган мектепте үч баласы окугандыктан, аны жумушка алышкан эмес, андан коркушканын билдирди.

Учурда аталган мектептеги дагы башка жагдайлар жана ызы-чуунун чоо жайлары айтылууда.