Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды

Башкы прокуратура Ш.К.А. жана Д.Н.Э. аттуу жарандардын үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2009-жылы Д.Н.Э. менен Ш.К.А. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, 117 млн сомго ун сатып алышкан.

«Бирок алар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатында 12 жыл бою сотко негизсиз арыздар менен кайрылып жүрүшкөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 117 миллион сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, шектүүлөр С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн 705 миң сомго сатышкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.Н.Э.ге эл аралык издөө жарыяланды», – деп билдирди Башкы прокуратура.

Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Ш.К.А. деген инициалдарга Шатманов Канатбек Асылбековичтин аты-жөнү туура келет.