Cүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор үчүн семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 16-мартта Кыргызпатент  “7-асман” студиясы менен бирге сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор үчүн “Искусство –  креативдүүлүктү өнүктүрүүнүн негизи” аталышында семинар өткөрдү.

4L7A6915 2 Cүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор үчүн семинар өткөрүлдү

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, креативдик чөйрө – инновациялык өнүгүүнүн драйвери экендигин белгилеп, чыгармачыл инсандар өзгөчө идеялары менен ачылыштарды жасап, экономиканын өнүгүшүнө зор салым кошо тургандыгына терең ишенерин билдирди.

Семинардын жүрүшүндө спикерлер креативдик ишмердик, брендинг, автордук укук жана товардык белгилер тууралуу баяндамаларды жасашты. Мындан сырткары, Кыргызпатенттин долбоорлору тууралуу маалыматтар берилди. Катышуучулар менен чыгармачыл чөйрөнүн өнүгүшү боюнча талкуу уюштурулду.

4L7A6905 Cүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор үчүн семинар өткөрүлдү

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, чыгармачылык союздардын, креативдүү индустрия ассоциациясынын өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, кийим дизайнерлери жана композиторлор катышты.

4L7A6890 Cүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор үчүн семинар өткөрүлдү

Катышуучулар үчүн Кыргызпатенттин инновациялык борборуна экскурсия жүргүзүлдү.