
Түркмөнстанда өткөн президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов утуп чыкты. Бул туурасында өлкөнүн БШКсынын расмий сайтында кабарланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Сердар Бердымухамедов шайлоочулардын 72,97 пайыз добушун алган, ал эми шайлоого калктын 97,12 пайызы катышкан.
Жалпысынан тогуз талапкер ат салышкан.