Кытай Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр

АКШнын Мамлекеттик департаменти өнөктөш өлкөлөргө Кытай Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экени айтылган документ жөнөттү. Бул тууралуу The Financial Times америкалык дипломаттарга шилтеме берүү менен билдирди.Кремль Бээжинден жардам сураганы жөнүндө кабарды The Financial Times 13-мартта жазган. Кытай Орусияга келечекте жардам берери же азыр берип жатканы так айтылган эмес.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 14-мартта Римде Кытайдын улук дипломаты Ян Цзечи менен жолугуп, Бээжинди Орусияга аскердик жардам көрсөтүүдөн этият болууга үндөдү.

Салливан кытай дипломаттарына Бээжин Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдосо, Кытай эл аралык обочолонтууга алып келген чараларга туш болорун эскерткен.

Кытайдын АКШдагы элчилиги жардам жөнүндө эч кандай кабарга ээ эместигин айтты. Орусия да ушундай эле реакция жасады.

2022-жылы мартта Кытай президенти Си Цзиньпин менен Орусия президенти Владимир Путин Бээжинде алардын өнөктөштүгү “чексиз” экени жөнүндө бирдиктүү билдирүүгө кол коюшкан.