Бакай-Ата РИИБнин жетекчиси жергиликтүү калк менен жолугушууда

Бакай-Ата РИИБнин начальниги милициянын полковниги Шайбеков Марат Бакай-Ата районунун айылдык аймактарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек, Бакай-Ата районунун акими Имаров Алгынбай Кең-Арал жана Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2021-жылы аткарган ишитеринин отчеттук ​ жыйынына катышты.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 14.36.36 1 Бакай-Ата РИИБнин жетекчиси жергиликтүү калк менен жолугушууда

Анда аймактагы жетишкендиктер жана көйгөлүү маселелер көтөрүлүп, тиешелүү тармактар калкка ​ жоопторун беришүүдө. Шайбеков Марат милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандарды кабыл алып, ички иштер органдары милдеттүү болгон суроолорго жооп берип, көйгөйлөрдү жеринен чечүүдө. Жыйынга ​ Талас облустук мамлекеттик администрациянын жана тиешелүү мекемелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 14.36.36 Бакай-Ата РИИБнин жетекчиси жергиликтүү калк менен жолугушууда

Жарандардын баардык кайрылуулары катталып, чечүү максатында каттоого алынды. ​ Жыйында аткарылып жаткан иш чаралар жана облустун жетишкендиктери туралуу баяндамалар берилди. ​ Андан тышкары ​ ​ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында жарандарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ ысырапкерчиликке жол бербөөгө жана ​ коомдук тартипти сактоого чакырышууда.

​ Бакай-Ата ​ РИИБнин кызматкерлери ​ ар бир айылды​ ​ милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, жарандардын арыз билдирүүлөрүн кабыл алууда.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы