Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өткөн жумада эки дасыккан чөнтөк ууруларын колго түшүрүштү

 Шектүүлөр: 1. М. Б., 1984-жылы  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Мурда беш жолу соттолгон. Туруктуу иштеген жери жок. Ажырашкан.
   2. Анын шериги 1993-жылы Кара-Кулжа районунда туулган А. уулу С.  Мурда 2 жолу сот жообуна тартылган. Бойдок.

Кармалган шектүүлөр Ош шаарынын аймагында, коомдук жайларда, коомдук транспорттордо  жарандардын чөнтөгүнө кол салышып, акча жана уюлдук телефонун уурдап, арзан баада жайма базарда өткөрүп турушкан. Тактап айтканда, ал 2022-жылдын 31-январь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарынын дүкөндүн алдында токтоп турган “Портер”  үлгүсүндөгү  унаадан  “Самсунг А-10”  үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун жашыруун түрдө уурдап алып окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Ушундай эле жол менен дарыканалардын бирине кирип, сатуучу башка кардарлар менен алаксып калган учурда анын баасы 12000 сомдук  “Редми” үлгүсүндөгү телефондорун уурдап чыгып кетишкен. Уурдалган телефондордун канчалык кымбат экендигине карабастан аларды 1500-2000 сомго гана сатышкан. Учурда бул кылмыштуу топтун үстүнөн  3 арыз түшүп,    кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн   Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-ст. 2-б., белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда. 
WhatsApp Image 2022 03 15 at 09.24.25 1 2 Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өткөн жумада эки дасыккан чөнтөк ууруларын колго түшүрүштү

Учурда эки кылмышка шектүү Б. М. жана А. уулу С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмү бул шектүүлөрдөн жабыркаган жарандар болсо 03222-6-64-02 телефондору аркылуу байланышып коюну суранат.
Сүрөттө: кармалган шектүүлөр
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы