Талас ОИИБнин кызматтык үйлөрүнүн айланасына карагайлар тигилди

12-март күнү Талас ОИИБнин кызматтык үйлөрүнүн айланасына карагайлар тигилди. ОИИБне караштуу мүлктөрүнүн бири бул Талас шаарынын бир бөлүгүндө жайгашкан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ведомстволук имараты, кызматтык үй жана ага тиешелүү ээн талаа.

Ээн талаа бош калбаш үчүн Талас ОИИБи ал жерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жыл аралык бак дарактарды тигип турат.

WhatsApp Image 2022 03 12 at 10.12.52 1 Талас ОИИБнин кызматтык үйлөрүнүн айланасына карагайлар тигилди

Ал эми бул сапар ал жерге Талас ОИИБнин жетекчилери карагайларды тигишти. Карагай бат өсүүчү ийне жалбырактуу кооз декоративдүү дарак.

WhatsApp Image 2022 03 12 at 10.12.51 Талас ОИИБнин кызматтык үйлөрүнүн айланасына карагайлар тигилди

Ал жерге көрк гана бербестен өзүнүн эфир майын бөлүп чыгаруу менен айланасындагы адамдарга оң таасирин тийгизет.

ОИИБнин кызмат башчылары жамгыр жааганына карабай ишембилик кылчу жерди таштандылардан тазалап, карагайларды тигип, суу куюп, ынтымакта жана жакшы маанайда ишти аякташты.

WhatsApp Image 2022 03 12 at 10.12.51 1 Талас ОИИБнин кызматтык үйлөрүнүн айланасына карагайлар тигилди


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы