ИИМ: Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизаттар менен шектүү жарандар кармалды

ИИМ: Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизаттар менен шектүү жарандар кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкөбүздүн аймагында баңгизаттын ири өлчөмдө оор түрлөрүн сатуу менен алектенген уюшулган туруктуу топ аныкталып, кармалды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2022-жылдын 13-февралында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлүп, Д.М. аттуу жарандан таза салмагы 1,142 гр. «Гашиш» (чарс) алынган.
Ошондой эле, 2022-жылдын 16-февралында жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлуп, М.Д. аттуу жарандан таза салмагы 99,69 гр. «Гашиш» (чарс) алынган.

WhatsApp Image 2022 03 14 at 13.13.18 1 ИИМ: Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизаттар менен шектүү жарандар кармалды


Бул факты боюнча 2022-жылдын 21-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, 2022-жылдын 21-февраль күнү БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана Жалал-Абад ИИБнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Д.М. жана А.Т. аттуу жарандар бангизаттарын сатып жаткан учурда кармалышып, текшерген учурда целлофан пакетине салынган эки даана скотч менен тангакталган заттар, биринчи таңгактын ичинен таза салмагы 842,2гр «Апийим» баңгизаты, экинчисинен таза салмагы 708,2 гр. «Гашиш» (Афган чарсы) далил буюм катары алынган.

WhatsApp Image 2022 03 14 at 13.13.17 ИИМ: Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизаттар менен шектүү жарандар кармалды


Ошол эле күнү, Д.М. аттуу жарандын жашаган дарегинде шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, сарайдын текчесинде түссүз скотч менен оролгон тангак табылып, ичинен таза салмагы 98,2 гр. «Апийим» баңги заты алынган.
Далил буюм катары алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 1 кг 751,508 граммды түзгөн, анын ичинен «Апийим» – 942,188 грамм, «Гашиш» (чарс) – 809,32 грамм.
Учурда ИИМнин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 14 at 13.13.18 2 ИИМ: Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизаттар менен шектүү жарандар кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы