Аянтта, Жогорку Кеңештин, Президенттик аппаратынын имаратынын алдына, элчиликтин алдында митинг уюштурууга болбойт

Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жана ошондой эле борбодук Ала-Тоо аянтында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюу жана жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Бишкек шаарынын Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрүүсү жөнүндө чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.