Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарга, акча алмаштыруучу
жайларга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга долларды накталай
түрүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу
салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Мындай чектөө экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда
абалды турукташтыруу максатында кечээ, 11-мартта кабыл алынды.