
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Бактыбек Абдиев дайындалды. Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков болсо, Азамат Дороев Октябрь районунун башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.