Сокулукта терминал уурдагандар кармалды

Сокулукта акча жана төлөм терминалдарын уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

whatsapp image 2022 03 10 at 15 19 12 Сокулукта терминал уурдагандар кармалды

Маалыматка ылайык, февраль айында Сокулук РИИБине эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген. Анда биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар терминал уурдалган. Ал эми экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалган.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «уурдоо» боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Аталган кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

whatsapp image 2022 03 10 at 15 19 12 1 Сокулукта терминал уурдагандар кармалды
whatsapp image 2022 03 10 at 15 19 36 Сокулукта терминал уурдагандар кармалды
whatsapp image 2022 03 10 at 15 19 37 Сокулукта терминал уурдагандар кармалды