Кыргызпатент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо боюнча семинар өткөрдү

10-мартта Кыргызпатент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студентери, аспиранттары жана мугалимдери үчүн “Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо” темасында семинар өткөрдү.


Угуучуларга Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери жана юристтери лекторлук кылып, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, укуктук коргоо жана сактоонун ыкмалары, укукту өткөрүп берүү маселелери, инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалымат беришти.
Иш-чара Кыргызпатент жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу коюлган меморандумдун алкагында уюштурулду. 

FB IMG 1646924702343 Кыргызпатент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо боюнча семинар өткөрдү
FB IMG 1646924721082 Кыргызпатент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо боюнча семинар өткөрдү
FB IMG 1646924707247 Кыргызпатент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо боюнча семинар өткөрдү