Украинанын аймагында 107 Кыргызстандык бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, алардын 38и согуштук аймактарда.
- Запорожье шаарында — 4;
- Николаевская облусунда — 10;
- Киев облусу — 6 (Борзель шаарында — 3, Буча шаарчасында -3);
- Житомирс облусу Панасивка айылында — 3;
- Харьков шаарында — 6;
- Киев шаарында — 9.
«Элчилик адамдарды коопсуз жайга эвакуациялоо маселесин чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатат. Ошентип, 7-мартта Киевден Львов шаарына транспортировкаланып жаткан башка качкындарды Бишкек шаарына ташыган автобуска 10 орун алууга жетишти.
Аталган каттам менен Кыргызстандын бир гана жаранын эвакуациялоого мүмкүн болду. Калган 9 жаран бул транспорт менен кетүүдөн баш тартышты. Учурда элчиликтин эсебинен Польшага биздин жарандарды пландуу эвакуациялоону уюштуруу үчүн Львов шаарына жөнөп жатабыз.
Буга чейин бул каттам боюнча эвакуацияга 32 жаран катталган. Көрсөтүлгөн автобус Львов темир жол станциянан 3 саатта жөнөйт. Биз эвакуациялоонун эң жакшы варианттарын тандоо үчүн кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып жатабыз», — деп жазган Кадыркулов.