“Ала-Тоо” жаңы конушунда беш жашар баланы бала бакчанын жетекчиси сабап салган.
Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, баланын апасы уюмга жардам сурап кайрылган.
«Апасынын айтымында, уулун жеке бала бакчанын жетекчиси сабаган. Анын башына катуу уруп, кулагын бурап, ажатканага камап, жарыкты өчүрүп салган.
Бала учурда нерв оорусуна чалдыгып, дайыма ыйлап жатат. Аты жок бакча “Ала-Тоо” конушунда жайгашкан. Бишкек мэриясы бардык стихиялуу бала бакчаларды өз көзөмөлүнө алышы керек», — деп жазган Назгүл Турдубекова.