Вulak.kg редакциясынын эмгек жамааты эл аралык 8-март майрамы менен Кыргызстандын айымдарын куттуктайт.
Ар дайым бакытка бөлөнүп, жашоонун символу болуп жүрө бериңиздер!
Сиздерди жаздын жарыгындай болуп кирип келген 8-марттагыдай маанайды ар бир күнүңүздөргө каалайбыз!
Сиздер бар үчүн аалам тегиз, жашоо көрктүү. Аялзат – турмуш туткасы, үйдүн куту, өмүр булагы, жашоо чырагы.
Сиздерди жаз менен кошо жарышып кирип келген майрамыңыздар менен куттуктап, иштериңизге ийгилик, бакубат жашоо, бекем ден соолук үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Келечектин керегесин, түбөлүктүүлүктүн түндүгүн кармап турганыңыздар үчүн таазим кылабыз!
Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө салым кошо бериңиздер, урматтуу айымдар!
Бар болуңуздар!