Эрнис Асанов: Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы болот деген кеп чындыкка туура келбейт

Орус-Украин согушунун алкагында Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы жаралат деген маалыматтарды өлкөнүн фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов BULAK.KG сайтына берген маегинде четке какты.

Орус-Украин согушу Кыргызстанга да таасир этип, өлкөдө дары-дармек тартыштыгы жаралат деген маалыматтар чынбы?

  • Азыркы учурда Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы бар деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Күнүмкү колдонулуп келе жаткан дарылар атайы кампаларда сакталып, үч айга чейин запасы менен турат. Мен жарандарга айтар элем, мурун кандай иштеп жатсак азыр деле ошондой таризде иштөөдөбүз.

Болгону Орусия менен Украинага буга чейин жөнөтүлгөн буйрутмалар аткарылбайт деп айтышты. Анткени Украинадагы абалды бардыгыбыз көрүп турабыз, согуш болуп, өздөрү бункерде отурса кантип жөнөтмөк эле.

Батыштын киргизген бир катар санкцияларынан кийин Орусия экспортту токтотот деген сөздөр айтылган. Бизге эми кайсы мамлекеттерден дары кирет?

  • Орусия компанияларына Европа, АКШ жана башка көп мамлекеттер санкцияларды киргизгендиктен, дарылар азайып кирбей калышы ыктымал деп ички рынокту толтурууга убактылуу экспортту токтотуп жатышат.

Орто эсеп менен алганда Орусия жана Украинадан дармектердин 50-60 пайызы алынып келип жаткан. Азыр бүт эле мамлекеттердин колдонуп жаткан дарылары окшош. Бизде түз эле Кытай, Индиядан жетишпеген дарыларды алып келүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Учурда фармацевтика бирикмеси бул маселе боюнча кандай иш алып барууда?

  • Саламаттык сактоо министрлиги жана дары-дармек департаменти менен тыгыз мамиледе иштеп, мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, сапаттуу дарыларды алып келүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Чынын айтсам, эмнеге бул маселе көтөрүлүп кеткенин өзүм да билбей турам. Азыр Кыргызстанда эч кандай дары-дармек көйгөйү жок, андай прогноздорубуз да бизде жок. Орусия менен Украина болбосо аларга альтернатива боло ала турган башка өлкөлөр жетиштүү. Түштүк Кореядан да дармектерди ташууга мүмкүнчулүктөрүбүз бар.

Дарынын жетишсиздиги пайда болуп, анын негизинде аларга болгон баа пандемия мезгилиндегидей көтөрүлө бербейби?

  • Коронавирус пандемиясы учурунда баалар көтөрүлгөндөй окуялар кездешпейт деп ишеним менен айта алабыз. Бирок, жарандарга кайрыларым, дары жетишпейт экен деп ашыкча сатып алып, катып отура берүүнүн кереги жок. Анткени чындап муктаж болгон адамдарга жетпей калышы ыктымал. Анын үстүнө дарыны алып көп убакыт сактап, кармай берсе, ал дарылык касиетин жоготуп ууга айланат. Азыр кооптонууга себептер жок.