Чүйдө бир аптада 61 айдоочу мас абалында кармалды

ЖКККБ: Жумалык рейддик иш-чаранын жыйынтыгы:
Акыркы жумада республикада 4550 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:

  • ТК айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 460;
    -айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 1865;
  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 1675;
    -мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 61;
    -унаа токтотуучу жайга коюлду – 128.
    Чүй ОИИББы боюнча ЖКККББнын жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.
    Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

Чүй ОИИББы боюнча ЖКККББнын Басма сөз кызматы