Бишкекте Ак калпак күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 5-мартта Бишкекте Ак калпак күнү белгиленип жатат.

Майрамдык иш-чара шаардын «Ынтымак-2» сейил багында уюштурулду. Анда жөө жүрүш, «Калпак бий» аталышындагы флешмоб болору күтүлүүдө.

Ошондой эле «Кыргыздын салттуу кийими» үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер-класстар тартууланып, концерттик программа менен коштолот.

Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, 5-мартты Ак калпак күнү катары белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.