Жээнбеков: Маалымат тараган социалдык баракчанын телеканалга тиешеси жок

NEXT TV телеканалынын колдоочулары Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) алдына митингге чыкты. Чогулгандар телеканалдын директору Таалай Дүйшембиевди бошотууну, козголгон кылмыш ишин токтотууну, эфири токтотулган каналдын ишин калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Телеканалдын негиздөөчүсү, саясатчы Равшан Жээнбеков телеканалга козголгон кылмыш ишин саясий буйрук деп атады.

“Мен ойлойм бул ишти президент кылган жок, бул ишти Ташиев кылып жатат, УКМК кылып жатат. Анткени эки айдан бери артымдан аңдышып, камайбыз деп даярданып жүрүшөт. Ачык эле айтышкан Таалайды же сени камайбыз деп”, – деди Равшан Жээнбеков.

Жээнбековдун айтуусунда, маалымат тараган социалдык баракчанын телеканалга тиешеси жок.