
Украинада туулган 66 жаштагы орусиялык олигарх Михаил Уотфорддун сөөгү Улуу Британияда табылды.
Бул тууралуу Daily Mail жазды.
Маалыматка караганда, Михаил Уотфорд мунай жана газ өндүрүү тармагында ишкерлик кылган. 2000-жылдардын башында ал Улуу Британияга көчүп барып, жарандыгын алып өз ысымынан бери өзгөрткөн. Ал жактан кыймылсыз мүлк менен алектенген.
Анын чын аты Михаил Толстошея.
Үй-бүлөлүк досу Михаилдин ден-соолугуна Украинадагы кырдаал таасир этиши мүмкүн экенин божомолдоду.
Көптөгөн маалымат каражаттары магнат расмий Лондон орус олигархтарынын санкциялык тизмесин жарыялагандан көп өтпөй каза болгонун, бирок Уотфорд бул тизмеде жок экенин белгилешти.