Жаңы дайындалган мэр: Унаа айдагандын баары айдоочу эмес

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жыйында Абдыкадыровго «айдоочуңузду кеңешчи кылып дайындаганыңыз чынбы?» деген суроо узатылды.

Ал эми жаңы мэр төмөндөгүлөргө токтолду.

«Айдар деген жигит менин айдоочум эмес, башынан кеңешчим болчу. Анын эки жогорку билими бар. Унаа айдагандын баары айдоочу эмес да. Ал өзү Ак-Талаадан болот. Мен Таластыкмын. Келгенден бери бир эле кадр дайындадым»,-деди Абдыкадыров.

Абдыкадыровдун пикиринде кадр саясатында тажрыйбалуу гана адистер иштеши керек.