Украинадагы жалпы орус аскерлеринин болжолдуу жоготуулары 5840 адамды түздү

24-февралдан 2-мартка чейин Украинадагы орус аскерлеринин жалпы болжолдуу жоготуулары 5840 адамды түздү. Бул тууралуу Украианын Башкы штабынын билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын миңден ашык аскердик техникаларын жок кылды:

  1. 211 танк;
  2. 30 учак;
  3. 31 тик учак;
  4. 863 бронетехника;
  5. 85 артиллериялык система;
  6. 9 абадан коргонуу системасы;
  7. 60 цистерна күйүүчү-майлоочу май;
  8. 3 оперативдүү-тактикалык учкучсуз учуучу аппарат;
  9. 2 жеңил ылдамдыктагы кайык;
  10. 355 автоунаа Маалыматтар акыркы эмес, дагы толукталат.