Кызыл-Кыяда ШИИБнин жетекчиси элдер менен жолугуп, ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин түшүндүрдү

Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги элдер менен жолугуп, ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин түшүндүрдү

WhatsApp Image 2022 03 02 at 09.44.46 2 Кызыл-Кыяда ШИИБнин жетекчиси элдер менен жолугуп, ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин түшүндүрдү
 Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов милициянын көчмө кабылдамасы менен шаар аймагындагы жашоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угууда.

 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун үрп-адаттарды кармоодо, маркумду көмүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын элге жеткирип, элдин социалдык жана экономикалык жактан ашыкча чыгымдар зыянга алып келерин түшүндүрүүдө.  Ошондой эле шаар тургундарын коомдук тартипти сактоону, үй-мүлктөрүнө сак болуусун эскертип өттү. Мындан сырткары үй-бүлөлүк зомбулуктар, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу жана ага жол бербөө максатында коргоо ордерлери берилген үй-бүлөлөргө жолукту. 

  Милициянын көчмө кабылдамасы менен эл аралап, профилактикалык иштерди жасап жүргөн Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги Нурлан Бурканов оозеки түрүндө 4 кайрылуу, 2 арыз кабыл алды.
WhatsApp Image 2022 03 02 at 09.44.46 1 1 Кызыл-Кыяда ШИИБнин жетекчиси элдер менен жолугуп, ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин түшүндүрдү

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы