
Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Алтынбек Сулаймановдун мандатын алган Эмил Жамгырчиев ант берип, депутаттык ишмердүүлүгүн баштады.
Белгилей кетсек, Жамгырчиевге депутаттык төш белги менен күбөлүктү 26-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырган.
Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган.