Москва районунда 17 кабаттуу үйдөн кулап кеткен эки кыргызстандык тууралуу кабар тараган.
Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Россиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Москва облусунун Люберцы шаарындагы турак үйлөрдүн биринин 17-кабатынан кулап кетүүнүн кесепетинен 1998-жылы туулган КРнын С.Ж.Д., аттуу жараны каза болуп, 1995-жылы туулган Б.Н., аттуу кыргызстандык оор абалда медициналык мекемеде жатат.
“Элчилик тергөөчү, маркумдун жакындары жана жабыркагандар менен байланышта. Учурда окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кыргызстандыктар досторунун арасында эс алышкан. Андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада кыз терезени ачып, чогуу жашаган аял аны токтотууга аракет кылып, акыры экөө тең 17-кабаттын бийиктигинен кулап кетишкен.