Таласта унаанын планшетин уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды


Бул туурасында Булак.кж редакциясына Талас ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Талас ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 25-26-февраль күндөрү, Талас областынын аймагында “Издөө” аталышындагы рейди өткөрүлдү. Рейддин максаты издөөдө жүргөн кылмышкерлерди аныктап, кармоо.

Иш чаранын мерчемине тергөөдөн, соттон качып жүргөн, айрыкча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жүргөн жерлерин тактап сот жообуна тартуу, кармоо тапшырмасы коюлган.

Рейдке милициянын баардык кызматтарынан турган мобилдик топтор катышышты.

WhatsApp Image 2022 03 01 at 10.52.37 Таласта унаанын планшетин уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды


Эки күндүк иш чаранын алкагында дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жери аныкталып, жакын туугандарына тапшырылган. Кылмыш иштерин жасап качып жүргөн 3 шектүү кармалган. Алардын бири 2020-жылдын декабрь айында Талас шаарынан унаа оңдоочу жайдан унааны диагностика жасаган планшеттик аппаратын уурдагандыгы боюнча издөөдө жүргөн. Ал 2001 –жылы туулган Талас шаарынын тургуну Н.А. уурдалган планшетти күрөөканага өткөрүп, иизин жашырып жүргөн жеринен Бишкек шаарынан кармалган.

WhatsApp Image 2022 03 01 at 10.52.38 Таласта унаанын планшетин уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды
Унаанын планшетин уурдаган жаран

Учурда тергөө бөлүмүнө тапшырылып, жоопкерчиликке тартылууда. Андан тышкары рейд учурунда алдамчылык, бейбаштык жана кылмыштарга байланышкан шектүүлөр кармалып, бир нече кылмыштын бети ачылган.