Ысык-Көлдө милициянын атайын операцияларды өткөрүү отрядынын 30 жылдык аземи болуп өттү

26-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун атайын операцияларды өткөрүү отрядынын уюшулганына 30 жыл толот. Аталган юбилейдик датага карата, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгында майрамдык иш чара болуп өттү.

photo 2022 02 25 07 16 45 2 Ысык-Көлдө милициянын атайын операцияларды өткөрүү отрядынын 30 жылдык аземи болуп өттү

Иш чаранын алдында, атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлеринин ишмердүүлүгүнө арналган кыска видеотасма тартууланды. Андан кийин сөз алган КР ИИМдин «Шумкар» АБПнын Ысык-Көл облусу боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын командири Азат Табалдиев, аталган кызматынын тарыхына жана жетишкен ийгиликтерине токтолуп кетти. Анын айтымында, өткөн 2021-жылы отрядтын жоокерлери 37 жолу ыкчам операцияларына, 20 жолу коштоо иштерине катышкан, өз

күчтөрү менен 8 кылмыштын бетин ачууга жана 4 баңги заттары менен байланышкан кылмыштарды аныктоого жетише алышкан.

Отрядтын 6 жоокери «кочкул береттердин» ээси болууга жетишсе, 4 жоокер Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына татыктуу болушкан, ошондой 2 жоокери Кыргызстандын намысын эл аралык спорт мелдештеринде коргошуп, байгелүү орундарга ээлешкен.

Отрядтын жоокерлерин кесиптик майрамы менен Ысык-Көл ОИИБдин начальниги К. Джумагазиев куттуктап, адамдардын тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн, кээде жакындарыбыздын кызыкчылыгын артта калтырып, жардамга муктаж болгондорго жардам келүү милдетибиз бар. Ар дайым коркунуч жана кыйынчылык болгон жерде болууга туура келе