Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында жолугушуу өтүп, анда КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.
“Юбилейлик датанын тарыхый маанисин белгилөө менен Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулаарын белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы да Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берет. Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуу алкагында кыргыз тарап интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана жалпы максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, — деди ал.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Акылбек Жапаров КРнын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсү боюнча маселени көтөрдү.