Украинанын бир катар шаарларында жардыруулар башталды

Жардыруулар Киевде, Краматорскте, Одессада, Харьковдо жана Бердянскиде болуп жатат. Бул тууралуу маалымат каражаттары билдирүүдө.

«24-февралда эртең менен саат 5.00дөн кийин бир катар шаарларда, анын ичинде Киевде жарылуунун үнү угулуп жатат. Кеминде төрт жардыруу Краматорскиде, Одессада, Харьковдо, Бердянскта күчтүү жарылуу болуп, Донбасста күчтүү аткылоонун башталышы болду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.